ЖҮРӨГҮН АЛУУ же жүрөгүнүн сары суусун алуу.
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Аябай коркутуп көкөйүнө тийүү, дайыма чочулап, санааркап, коркуп жүрө турган абалга келтирүү. Бу жүргөн журттун баарысын, Жүрөгүн алып болтурду («Манас»). Байлар кедейлерге ыза көрсөтүүнү, алардын жүрөгүн алууну максат кылып койгон (Элебаев). Бектен өзүнө каршы мансап талашкан бай-манаптардын да жүрөгүнүн сары суусун алат (Баялинов).